Радио

Сагынбай кызы: бала эмизген энеде кош бойлуу болуп калуу мүмкүнчүлүгү төмөн болот

Бишкек шаардык №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинеколог-дарыгери Седеп Сагынбай кызы төрөттөн кийин эне баланы эмизсе жатын бат жыйрыларын айтты.
Sputnik

Эненин сүтүндө суу – 87, 5 грамм, белок – 1,03, май – 4,38, углевод жана 6,89 грамм шекер камтылган. Ошондой эле курамында А, В, В1, В2, В5, В6, В9, С, Е витаминдери, кальций, темир, фосфор, цинк, калий, магний, натрий микроэлементтери бар. Бул тууралуу Седеп Сагынбай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сагынбай кызы: бала эмизген энеде кош бойлуу болуп калуу мүмкүнчүлүгү төмөн болот

Анын айтымында, эненин сүтүндөгү пайдалуу микроэлементтер жана антитело баланы көп оорудан алыс кылат.

"Баланы эмизүү эненин төрөттөн кийин калыбына келүүсүнө жакшы таасир этет. Эмизүү эмчек рагын алдын алары белгилүү. Азыркы заманда эмчек, жатын рагы бала эмизбеген, төрөбөгөн аялдарда көп кездешип жатат. Андыктан жылына эки ирет дарыгерлерге кайрылып коюуну сунуштайм. Аял үйдө отуруп деле эмчек безинде маселе бар-жогун аныктай алат. Эгер күзгүгө каранганда бир төшү экинчисинен чоңураак болуп же кармаганда дөмпөйгөн, катуураак без урунса, анда маммологго сөзсүз кайрылуу абзел. Ошону менен бирге баланы көп эмизген энеде окситоциндер бөлүнүп, кош бойлуу болуп калуу мүмкүнчүлүгү төмөн болот. Бул организмдин жетиштүү деңгээлде калыбына келүүсүнө шарт түзөт. Бирок бала эмизип жатам деп эле коргонбой койгон туура эмес. Эки баланын ортосу 2-3 жыл болгону эң оптималдуу вариант. Ар жылы 1-августтан 7-августка чейин дүйнө жүзү боюнча эмчек эмизүү боюнча жумалык өткөрүлөт. Биздин ооруканада ачылган энелер мектебинде кош бойлуу аялдар үчүн баланы эмизүүгө даярдык тууралуу сабактар бар. Биринчи баласын төрөгөн энелер үчүн ушул өңдүү курс, сабак берүүчү жайларды көбөйтүшүбүз керек", — деди Сагынбай кызы.

Дарыгер эмчек сүтү менен азыктанган балага алты айына чейин кошумча суу берүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: