Финалга чыкканда төрөлдү. Бишкектик үй-бүлө уулуна Акжол Махмудовдун ысымын ыйгарды

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Олимпиада-2020 мелдешинин финалына чыгып, күмүш медалдын ээси аталган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкекте уулдуу болгон жаш үй-бүлө ымыркайына кыргызстандык спортчу, XXXII жайкы Олимпиадасында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовдун ысымын ыйгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине наристенин атасы Максат Үсөнбаев билдирди.

Финалга чыкканда төрөлдү. Бишкектик үй-бүлө уулуна Акжол Махмудовдун ысымын ыйгарды

Анын айтымында, жаңы көз алардын тун наристеси.

"Уулубуз спортчу Акжол Махмудов 2-август күнү Олимпиаданын финалына чыкканда жарык дүйнөгө келди. Балбандын кармашын телевизордон көрүп, финалга чыкканына кубанып, кайра төрөтканага кеттим. Ал жерге барарым менен уулдуу болгонумду айтып сүйүнчүлөштү. Апам, агамдарга кеңешип, келечекте Акжол Махмудовдой балбан, эл уулу болсун деп ырымдап, атын Акжол койдук", — деди Үсөнбаев.

Наристе менен энеси бүгүн, 6-августта, №1 төрөт үйүнөн чыгып жатканы маалым болду. Дарыгерлер баланын абалы жакшы экенин айтышкан.

Эске салсак, кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Олимпиада-2020 мелдешинин финалына чыгып, күмүш медаль утуп алды.