Менде баары жакшы! Айсулуу көтөрүңкү маанайда Токиодон видео кайрылуу жасады

Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча кыз-келиндер арасында алгачкы жолу Олимпиададан күмүш медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова Токиодон видео кайрылуу жасады.
Sputnik

Спортчу кыз кыргызстандыктардын күйүп-жанып күйөрмандык кылганына, каалоо-тилектерине рахматын айтып, алардын орундалышын тилеген.

"Ардактуу кыргызстандыктар! Азыркы учурга чейин көптөгөн каалоо-тилектер айтылып жатат. Анын баары орундалсын. Мен кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам! Сиздердей мыкты жердештерим бар. Спорт мындай учурда мени күчтүү болууга үйрөткөнүн дагы бир жолу кайталайм, менде баары жакшы. Япон эли меймандостугун көрсөтүп жатат. Келечекте Кыргызстанда дагы Олимпиада оюндары өтсө деп тилек кылып жатам", — деген Тыныбекова.

Эске салсак, Олимпиада-2020 оюндарында кыргызстандык балбан Тыныбекова бардык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Бирок финалда эсеп япониялык спортчу Юкако Каваинин пайдасына чечилип, кармаш 4:3 менен аяктаган. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алган.