Төрага Мамытов жана депутаттар Ирандын президентинин инаугурациясына катышты

Спикер ирандык кесиптешине Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы октябрда шайланарын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов Тегеранда Ирандын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Мамытов Ирандын Ислам Кеңеши межлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушкан.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар жана башка чөйрөдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле спикер чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесс тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланарын билдирди.

Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси
"Бизде да, сиздерде да саясий процесс активдүү өнүгүп жатат, бирок муну менен катар эле соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилекке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштады. Ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет", — деп айткан Мамытов.

Ирандык кесиптеши анын сөзүн кубаттап, чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын алкагында ЖК төрагасы Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугурацияга келген чет элдик делегациялардын башчылары менен дагы жолугары пландалууда.