Россиялык окумуштуулар акылдуу костюм ойлоп табышты

Окумуштуулар бул костюм фитнес-клубдарда жана кесипкөй спорттук мекемелерде өтө талап кылынган нерсе деп эсептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар спорттук машыгуулар үчүн акылдуу костюм чыгарганы жатышат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Комтюмда толугу менен сенсорлор жабыштырылып, андагы маалыматтар мобилдик тиркемеге түшүп турат. Тагыраагы, сенсор скелетти жана булчуңдардын чыңалышын экрандан анимация кылып көрсөтөт.

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды
Мындай жол менен машыктыруучу спортчунун абалы тууралуу маалымат алып, машыгууну көзөмөлдөп турмакчы.

Окумуштуулар бул костюм фитнес-клубдарда жана кесипкөй спорттук мекемелерде өтө талап кылынган нерсе деп эсептейт. Ошондой эле аны денени кыймылга келтирүүчү аппарат жабыркагандан кийин калыбына келтирүү учурунда пайдаланса болору айтылат.

Костюм качан сатыкка чыгары айтылган жок.