Жеңиш үчүн жан үрөп... Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатынан 13 сүрөт

Sputnik

Мелдешке суусаган балдар. Көлдөгү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты видеодо
Дүйнө чемпионаты Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда жана ипподромдо болууда. Ага Россия жана Борбор Азия мамлекеттеринен 500дөн ашуун спортчу келди. Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө.

Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болуп жатат. Уюштуруучулар Россиядагы "ММА - Свободный поединок" уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери колдоо көрсөткөн.

4-августта башталган иш-чара 7-августка чейин созулат.

1 / 13
Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпиоанат башталды
2 / 13
Мелдешке Россия жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди
3 / 13
Спорттук иш-чаранын ачылышына ONE FC чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов келди
4 / 13
"Биримдик — 2021" аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү кирген
5 / 13
Алар: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс
6 / 13
Белгилей кетсек, самбо менен тай бокс быйыл Олимпиада оюндарынын катарына кирди
7 / 13
Турнир Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө
8 / 13
Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болууда
9 / 13
Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө
10 / 13
Чемпионаттын максаты мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат
11 / 13
Уюштуруучулар Россиядагы "ММА - Свободный поединок" уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү
12 / 13
ММА боюнча кармаштар элдин бүйүрүн кызытууда
13 / 13
Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат