COVID балдарга чабуул койду. Казакстандын түндүгүндө вирустун оор формасы күч алды

Адис балдарды вирустан коргоо үчүн окуу жылы башталганга чейин бардык ата-энелерге жана мугалимдерге коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Казакстандын түндүгүндө балдар арасында коронавирустун оор формасы тездик менен жайылууда. Бул тууралуу Түндүк Казакстан облусунун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Татьяна Горловага шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Акыркы аптада облус боюнча коронавируска кабылган балдардын саны кескин өтүп кетти. Болгондо дагы "дельта" штаммы тездикте жайылып, 14 жашка чейинки балдар вирустун оор формасына туш болууда. 1-январдан бери облуста жалпысынан 906 бала илдетке чалдыкса, соңку жумада эле вирус жугузгандардын саны 107ге жетти", — деди Горлова.

Адистин айтымында, бул өтө кооптуу жагдай. Андыктан окуу жылы башталганга чейин бардык ата-энелерге жана мугалимдерге коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Ошондой эле Казакстандын түндүгүндө бүгүндөн тарта жаңы чектөөлөр киргизилмекчи.