БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте жана жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 469 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалымат бүгүн, 5-август, саат 8:00гө карата берилди:
- Улуттук госпиталь: урология корпусу — 12;
- Улуттук хирургия борбору — 21;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 50;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 22;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 73;
- Улуттук кардиология борбору — 20;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 20;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 35;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 44;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 37;
- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 50;
- Аскердик госпиталь — 25;
- Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 37;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 21.