О, кудай! Садыр Жапаров жубайы менен Айсулуунун беттешин көргөн видеосу

Президенттин маалымат катчысы Facebook баракчасына мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешин көргөн видеосун жарыялады.
Sputnik

Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Жапаров мелдешти жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу көргөн. Күрөш башталганда президент: "О, кудай! Айсулуу кызыбызга күч-кубат бере көр", - деп айткан. Видеодон көрүнүп тургандай, кыргызстандык балбан кызга президент менен кошо канайым да жан үрөгөн.

Мелдеш аяктаган соң Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбековага чалып, "алтынга жетпей калдым деп эч капа болбоңуз, бул дагы чоң жетишкендик" деп айтып, күмүш медалы менен куттуктаган.