Радио

Атабеков: Кыргызстанда спорттук комментаторлордун деңгээли өстү

Белгилүү комментатор Кубан Атабеков спорттук комментаторлордун ишине айтылып жаткан сын-пикирлердин болушу өнүгүүнүн негизи экендигин айтты.
Sputnik

Акыркы жылдары өлкөдө спорттук телеканалдардын ачылышы менен баяндамачылардын коомдогу орду байкалып, алардын деңгээли өсүп калды. Мындай пикирин Кубан Атабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Атабеков: Кыргызстанда спорттук комментаторлордун деңгээли өстү

Анын айтымында, Кыргызстанда спорттук комментатордун мектеби болбогондуктан баяндамачылардын дарегине сын айтылып турганы туура жолду тандап, такшалууга өбөлгө түзөт.

"Учурда спорттук комментаторлордун ишине сын-пикирлердин айтылып турушу жакшы көрүнүш. Анткени баяндамачылардын атайын окуусу жок. Изденген жаңы муундун келе жатканы кубандырат. Тескерисинче, жасалып жаткан ишке кош көңүл мамиле болгону жакшы эмес. Сөздүн кадырын билген, келечекте комментатор болгусу келген адамдар үчүн ушундай мектеп керек. Алар бири-биринен үйрөнүп, каталарын оңдоп, түздөлүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралат. Акыркы жылдары өлкөдө спорттук телеканалдардын ачылышы менен баяндамачылардын коомдогу орду байкалып, алардын деңгээли өсүп калды. Комментатор болом деп келип, жалпы көрүүчүлөргө спортту баяндоонун өзү чоң жоопкерчилик", — деди Атабеков.

Ошондой эле адис баяндоодо кыргыздын көөнө сөздөрүн кошуп, элди эфирди көрүүдөн тажатпагандай, тоскоолдук жаратпагандай абалды түзүү керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын аудиодон угуңуз: