Чоң-Алайда жер титиреди

Жердин термелүүсү Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу айылдарында 2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кечээ кечинде Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жер титирөө 3-августта саат 20:06да катталган. Силкинүү Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу айылдарында 2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.