Токио оюндарында кийим токуп отурган олимпиада чемпиону соцтармакты жарды. Видео

Британиялык спортчу трибунада кыздардын сууга секирүү боюнча жарышын көрүп, ошол эле учурда кийим токуп отурган сүрөтү тарады.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Синхрондук сууга секирүү боюнча олимпиада чемпиону, британиялык Том Дейли социалдык тармактын колдонуучуларын өзгөчө өнөрү менен таң калтырды. Бул тууралуу The Global Times жазды.

​Алтын медаль ээсинин аялдар арасындагы сууга секирүү боюнча мелдешти трибунада кийим токуп көрүп отурганын байкашкан.

​Анын сүрөтү Олимпиаданын Twitter баракчасына илинген соң өтө популярдуу болуп кетти.

Кийин спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жагдайды түшүндүрүп, досторунун Иззи аттуу итине свитер токуганын айтты.

Спортчунун өзгөчө хоббиси тууралуу бир топ ЖМКлар жазды.

Спортчу өнөктөшү Мэтти Ли менен 10 метрден синхрондук сууга секирүү боюнча алтын медаль алган. Өзүнүн айтымында, токуу аны стресстик абалдан сактайт.