Чемпиондун балдызы, үйдүн сегизинчиси Мээрим Жуманазарова жөнүндө 8 факт

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча 68 килограмм салмак категориясында Олимпиаданын коло медалын утуп алды. Sputnik Кыргызстан балбан кыз тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Sputnik

Спортчу бул бейгеге жетүү үчүн монголиялык Соронзонболдын Батцэцэг менен беттешип, аны далысына басып, таза жеңишти камсыздаган. Ошентип ал кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадада медаль алган алгачкы кыргызстандык балбан болуп калды. 

Таласта туулган

Мээрим 1999-жылдын 9-ноябрында Таластагы Бакай-Ата районунун Биринчи май айылында туулган. 

Үй-бүлөсү менен спортко жакын

Мээрим спортту сүйгөн үй-бүлөнүн кызы. Атасы Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Андан тышкары, эки сиңдиси жана агасы спорт менен алектенет. Мээрим спортко алгач 12 жашында кадам таштап, атасы Рахмадил Жуманазаровдун колунда машыкчу.

Билими

Атасы Рахмадил Жуманазаровдун айтымында, атайын спорттук мектепте окуй электе, айылда машыгып жүрүп эле, 2014-жылы Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатына барган. Ал жактан коло медаль менен кайткан. Кийин Кыргызстан эл аралык университетинин колледжинде окуган. Андан соң Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, окуусун быйыл аяктады.

Чемпиондун балдызы, үйдүн сегизинчиси Мээрим Жуманазарова жөнүндө 8 факт

Көп бир тууган

Мээрим чоң үй-бүлөдө чоңойгон. 13 бир туугандын ортончусу.

Классташы дагы Олимпиадага катышкан

Классташы Айпери Медет кызы дагы бул ирет Олимпиада оюндарына катышып, бешинчи орунду ээледи. Бир класста окуган кыздар бүгүн чогуу машыгып жүрүшөт.

Улукбек Жолдошбековдун балдызы

Мээрим эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбековдун балдызы. Ушул жылдын январь айында ал спортчу Жуманазарованын бир тууган эжеси Мунарага баш кошкон.

Эл аралык мелдештерге 15 жашынан бери катышат

Спортчу кыз эл аралык ири мелдештерге 2014-жылдан бери катышып келет. Алгачкы ирет Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатына катышып, коло медаль утуп алган.

Жуманазарованын байгелери:

  • 2014 — Таиландда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2016 — Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2017 — Жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль, Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2018 — Жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;
  • 2019 — Grand Prix de France эл аралык турниринде алтын, Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2020 — Дүйнө кубогунда алтын медаль;
  • 2021 — күрөш боюнча Азия чемпиону.