Радио

Кенжематова: ички туризмди өнүктүрүү үчүн кызуу аракеттер көрүлүүдө

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова өлкөдө ички туризмге көңүл буруу аркылуу чет элдик туристтерге кызыгуу жаратуу мүмкүн экендигин айтты.
Sputnik

Жер кыдырып, эс алгандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында тарыхый жерлерге  онлайн-саякаттоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Ал үчүн https://map.tourism.gov.kg/ веб-сайтына кирип, туристтик аймактар тууралуу кенен маалымат алса болот. Мындай маалыматты Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кенжематова: ички туризмди өнүктүрүү үчүн кызуу аракеттер көрүлүүдө

Анын айтымында, тоо туризми өлкөдөгү негизги багыт катары каралып, ишкерлерге да көп жолдорду ачууда.

"2020-жылы пандемия башталганда чектөөлөргө байланыштуу чет өлкөдөн келген туристтердин агымы дээрлик токтоп калды. Мындан улам ички туризмди өнүктүрүү боюнча иштер жасала баштаган. Туризм департаменти жаңы веб-сайт даярдап, бардык маалыматтарды алып, 3D форматында онлайн-саякаттоо жолдору ачылды. Бул санариптештирүүнүн алкагында ийгиликтүү долбоор катары жыйынтык көрсөтүүдө. Эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгү менен маалыматтар улам толукталып турат. Керектүү маалыматты оңой эле алса болот", — деди Кенжематова.

Ошондой эле адис туристтик гиддердин билимин жакшыртуу максатында сертификациялоодон өткөрүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.