Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашык иш-чара өтөт

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүндө кыз балмуздак жеп жатат. Архив
Борбор калаада аскер, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, манасчылардын фестивалдары боло турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашуун иш-чара өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашык иш-чара өтөт
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашык иш-чара өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттин юбилейлик датасын белгилөө боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинде иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш экенин белгиледи.

"Быйыл биз Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдайбыз. Бул майрам ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө маанилүү даталардын бири. Майрамдоого арналган иш-чараларда коомдук коопсуздук камсыздалып, эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек", — деди Марипов.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата борбор калаада аскер, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, манасчылардын фестивалдары боло турганы кошумчаланды.