Сүйүнчү! Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин лигасынын чемпиону болду. Сүрөт  

Беттеш эки раундга созулду. Кыргызстандык мушкер атаандашына соккуларды жаадырып баштаганда рефери токтотууга аргасыз болду.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турниринде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык атаандашы Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тартып алды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болду.

Спортчулар 65 килограмм салмакта кармашты.

Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт
EFC кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгон.  

Бусурманкул 14 беттешти утуп, үч ирет жеңилген. 28 жашта.   

Ал эми атаандашы Руслан Яманбаев 10 ирет жеңишти камсыздап, сегиз жолу жеңилип, бир ирет тең чыккан. 30 жашта.