Прокуратура: Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча тергөө менен активдүү кызматташып жатат

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов бар.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. – Sputnik. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча тергөө менен кызматташып жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта 2021-жылдын 2-августунда Аскар Акаев Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүү жана башка жагдайларды тактоо максатында өлкөгө алып келингени белгиленген.

"Учурда Акаев тергөө менен активдүү кызматташып жатат", - дешти прокуратурадан.

Белгилей кетсек, 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келген Аскар Акаев УКМКга кирип сурак берген. Ал болгон чындыкты айтып берерин билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.