Онколог ашказан рагынын баштапкы белгилерин айтты

Топузов ракты алдын алып, анын бар-жогун эртерээк билүү үчүн  45 жаштан кийин онкоскринингден өтүп коюуну сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россиялык хирург Рустем Топузов ашказан рагынын баштапкы белгилерин атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, бул дартка кабылган адам адатта тамак ичкенден кийин жүрөгү айланып, куса берет. Ашказандын алдыңкы бөлүгү оорлошкондой сезилет.

"Ашказан рагында тамакка болгон табит өзгөрүп, ооруган адам тандап жеп калат", — деген Топузов.

ДССУ: жакынкы жылдары рактын үч түрүн жеңе алышыбыз мүмкүн
Онколог ашказан канай баштаганда бейтап эң оор абалга жеткен деп түшүнсө болорун белгилеген.

"Эгер адам эч себепсиз арыктай берсе, анда ал да онкологиядан кабар бериши ыктымал. Себеби салмак таштоо аталган дарттын белгилеринин бири болуп саналат", — деген медик.

Топузов ракты алдын алып, анын бар-жогун эртерээк билүү үчүн  45 жаштан кийин онкоскринингден өтүп коюуну сунуштаган.