Жапаров Айсулуунун беттешин үй-бүлөсү менен көрүп, балбанды телефондон куттуктады

Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн. Президент Тыныбекованы келечекте дагы көп ийгиликтер күтөрүн өзгөчө белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, балбан Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады. Бул тууралу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн. Президент Тыныбекованы даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренада даңазалаганын, аны келечекте дагы көп ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгилеген.

"Бүгүн - бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү, унутулгус күн. Сиздин бул жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз", — деди Жапаров.

Президент олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына ден соолук каалап, мекенге аман-эсен кайтып келишин тилеген.