Бир секиргенде илип кетти. Төрт жаштагы жолборстун видеосу

Эгерде зарылдык жаралса, жолборстор өзүнүн узундугунан эки эсе ашык болгон бийик тоскоолду жеңип өткөнгө жөндөмдүү. АКШнын Оклахома-Сити штатынын аймагындагы зоопарктагы жолборс бийиктикке секирүү жагынан көптөрдү таң калтырды.
Sputnik

"National Geographic Россия" сайтынын жазганына караганда, Густи аттуу бул жырткыч учурда төрт жашта. Ал аталган зоопаркта жашап жаткан суматра тукумундагы жолборстордун экинчи мууну.

Олжосун кызганып, ырылдап... Илбирстин кызыктуу видеосу
Кадрдан калың түркүктүн башына коюлган тамакты алыш үчүн кадыресе эле чоң жолборстун күчүнүн болушунча секирип, акыры алып түшкөнүн көрүүгө болот. Жырткыч секирип эле кайра жерге түшпөстөн, жыгачтын чокусундагы тамакты илип кеткенге үлгүргөнү даана тартылып калган.

Жапайы жаратылышта бул тукумдагы жолборстор 15-20 жыл, ал эми зоопаркта 25 жылга чейин жашайт. Видеодогу Густи азыр күчкө толуп турган кези. Суматра тукумундагы жолборстор азыр жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарына кирет. Сайт алардын Индонезиянын токойлорунда 500дөйү гана калганын жазды.