Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Видео

Айсулуу Тыныбекова эми украиналык Ирина Коляденко менен жарым финалда кездешет. Финалга жолдомо берген беттештер бир нече сааттан кийин болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги чейрек финалда румыниялык Кристина Инчени утуп, Олимпиада-2020 мелдешинин жарым финалына жолдомо алды.

Атаандаштын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.

Тыныбекова эми украиналык Ирина Коляденко менен жарым финалда кездешет.

Ал мындан бир нече саат мурда, баштапкы этапта латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып, ишенимдүү түрдө 8:0 эсебинде утуп алды.

Айсулуу Тыныбекова учурда 29 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз төрт жолку Азия чемпиону..
Азыркы тапта Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.