Үзүр Жусупбеков Олимпиададан медалсыз кайтты

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта Артур Алексанянга 4:1 эсебинде утулуп калган болчу. Армениялык балбан финалга чыгып, Жусупбеков коло байге үчүн таймашуу укугуна ээ болгон эле.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн таймашты. Көңүл жубатуучу кармашта ал финляндиялык Арви Мартин Саволайненге жеңилип калды.

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта Рио Олимпиадасынын чемпиону, армениялык Артур Алексанянга 4:1 эсебинде утулуп калган болчу. Алексанян финалга чыгып, кыргызстандык балбанга коло медаль үчүн кармашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн болчу.

Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып берди.