Токтогулда жеңил автоунаа бус менен кагышып, эркек киши көз жумду

Кырсыктан алты киши жабыркаган. ӨКМ алардын оор абалда Токтогул райондук ооруканага жеткирилгенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жалал-Абадда жеңил автоунаа менен бус кагышып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жол кырсыгы  Бишкек — Ош жолунун 260-чакырымында, тагыраагы, Токтогул районунун тушунда катталган. Анда Honda CR-V менен Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы С.Р. аттуу эркек киши каза болуп, алты адам жабыркаган. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук башкармалыгынан 5 куткаруучу барып, көз жумган адамдын сөөгү автоунаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабыркагандар оор абалда Токтогул райондук ооруканага жеткирилгени айтылды.