Шаршембиге карата аба ырайы

3-4-августа республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 4-августка караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.  Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +23...+28 градус болот.

Синоптиктер борбор калаада термометр  +35...+37, Ош шаарында +36...+38, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтөрүн айтышты.