БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарованы Токио Олимпиадасында коло медалга ээ болушу менен куттуктады.
Мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев сүйлөшүү учурунун видеосун Facebook баракчасына жүктөдү. Андан Жуманазаровага ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.
Мамлекет башчысы кыргыз элинин жана өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.
"Өлкөбүздүн намысы үчүн акырына чейин күрөшөрүңүзгө баарыбыз ишенгенбиз. Кылдат чеберчилик, бекем эрк жана кайраттуу мүнөз менен күчтүү атаандашыңызды жеңип алдыңыз. Бүт өлкө сизди сүрөп, сиз үчүн кабатырланып жатты. Соңунда биздин үмүтүбүздү актап, жалпы кыргызстандыктарга кубаныч тартууладыңыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Мээрим бул жеңиши менен улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын баса белгиледи.
Соңунда мамлекет башчы Мээрим Жуманазаровага жана улуттук олимпиадалык команданын бардык мүчөлөрүнө чың ден соолук, ийгиликтер менен жаңы жеңиштерди каалады.