Мээрим азербайжан кызы Манолованы утту. Эми коло байге үчүн таймашат

Мээрим чейрек финалда Блессинг Оборудудуга (Нигерия) жеңилген. Нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн таймашат. Көңүл жубатуучу беттеште ал азербайжандык Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды. Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып берди.

Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы
Кыргызстандын балбан кыз эми Олимпиада-2020 мелдешинин коло байгеси үчүн монголиялык Батцэцэг Соронзонболдын менен күрөшөт.

Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө болот.

68 килограмм салмак даражасында күрөшкөн Мээрим чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Ал эми баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу.