Бүгүн, 3-августта, "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда мелдешке катышчулар салмакка түшүп, каттоодон өттү.
Эртең, 4-августтан тарта беттештер башталат. Дүйнө чемпионатынын алкагында ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс боюнча мелдештер өтөт.
Россиядагы "ММА - Свободный поединок" уюмунун Кыргызстандагы төрагасы Константин Куценко мелдештин "Биримдик" деп аталышы эки өлкөнүн эриш-аркак жылына дал келерин белгиледи.
Достукту чыңдап. Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатындагы салмакка түшүү учурунун видеосу
"Кереметтүү Көлдүн жээгинде спортчуларды каттоо жүрүп жатат. Алар "Биримдик - 2021" деп аталган уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионатына катышат. "Биримдик" деп жөн жерден аталган жок, ал Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналган. Эки өлкөнүн өкүлдөрү уюштуруп жатат. Ага көптөгөн спортчулар, анын ичинде биздин келечек чемпиондорубуз болгон өспүрүмдөр менен балдар катышат", - деди Куценко.
Уюштуруучулардын бири, MMA-Free Fighting уюмунун жетекчиси Василий Борисов мелдеш бир гана спортчулардын башын бириктирүүнү көздөбөйт дейт.
Достукту чыңдап. Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатындагы салмакка түшүү учурунун видеосу
"Биздин уюм дагы бир нече спорттук уюм менен чогуу уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионатын уюштуруп жатат. Мындай деңгээлдеги иш-чара биринчи жолу өтүүдө. Максатыбыз федерациялардын гана башын бириктирүү эмес. Спорт дүйнөлүк деңгээлде идеяларды бирге ишке ашырууга көмөктөшө турганын көрсөткүбүз келет", - деди Борисов.
Ошондой эле спорттук иш-чарага пандемияга байланыштуу бир топ мамлекет келе албай калганын айтты.
Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат.