Бишкек: Олимпиада балбандарынын мелдешин көрүүгө аянт толо эл чогулду. Видео

Чогулгандардын арасынан УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди да көрүүгө болот. Кыргызстандык спортчулардын беттеши бир аздан соң башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбандардын беттешин көрүү үчүн Бишкекте "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн эл чогулду.

Бишкектиктер үчүн шаардык бийлик менен Спорт агенттиги аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экран коюшкан. Чогулгандардын арасынан УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди да көрүүгө болот.

Эске салсак, алдыңкы эки сааттын ичинде Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Акжол Махмудовдун кармашы болот.

Тыныбекова финал үчүн күрөшсө, Махмудов алтын медаль үчүн, ал эми Жуманазарова коло медаль үчүн кармашат.