Бир суткада 797 кишиден коронавирус табылып, 10 адам көз жумду

Өлкөдө буга чейин илдет илештиргендер акырындан сакая баштаганы байкалат. Бир сутка ичинде оору жуктургандарга салыштырмалуу айыккандар көп катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 797 адамдан коронавирус аныкталып, 1 794 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 445;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 123;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 20;
  • Нарын облусу – 16;
  • Ысык-Көл облусу – 51;
  • Жалал-Абад облусу – 70;
  • Баткен облусу – 56.

Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 165 540ка жетти. Анын ичинен 149 171 бейтап дартты жеңген.

Өткөн суткада 10 адам коронавирустун курмандыгы болгон. Муну менен жалпысынан дарт 2 354 адамдын өмүрүн алып тынды.

Бүгүнкү күндө стационарда 3 493 бейтап, ал эми үй шартында 9 174 адам дарыланып жатканы айтылды.