БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов аны Бишкекте кантип тосуп алганын көрсөттү.
Спортчу Бишкекке бүгүн таңда келип, андан кийин Чолпон-Атага кеткен. Ал Көлдө өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдешине кадырлуу конок катары катышат.
Нурмагомедов "таңкы саат 04:00дө ушундай тамактар менен сыйлап жатса, кайдагы диета" деп жазган.
Промоушендин турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. EFC кезектеги беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу кармаш көрсөткөнү себеп болгон.
Бул уюмдун 38-мелдеши болуп саналат. Турнирде Данияр Бабакулов, Алексей Федосеев сыяктуу кыргызстандык атактуу мушкерлер да октагонго чыгышат.
Нурмагомедов Кыргызстанга биринчи ирет 2018-жылы келген. Анда спортчу Бишкектен күйөрмандары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берген.