COVID: Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларындагы бош орундардын тизмеси

Чүй облусу менен Бишкек шаарында жалпысынан 20га чукул оорукана коронавируска кабылгандарды дарылайт. Бүгүн анын 14үндө гана орун бар.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте жана жака-белиндеги коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 464 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 3-август, саат 8:00гө карата берилди.

Улуттук госпиталь: урология корпусу — 20;

  • Улуттук хирургия борбору — 15;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 6;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 49;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 21;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 68;
  • Улуттук кардиология борбору — 21;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 24;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 47;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 38;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 52;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 33;
  • Аскердик госпиталь — 18;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 36;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 16.