COVID-19га каршы вакцина аллергия кылышы мүмкүнбү? Адистин түшүндүрмөсү

COVID-19га каршы вакцинаны препараттын кайсы бир компонентине аллергиясы бар адамдар ала албайт. Аллергиянын кайсы бир түрү менен жабыркагандар эмделүүнү кааласа, дарыгерден консультация алуусу зарыл.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцинадан аллергия болгон учурлар өтө сейрек кездешет. Бул тууралуу Россиянын аллергологдор жана клиникалык иммунологдор ассоциациясынын адистерине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Изилдөөлөрдүн жайынтыгына караганда, сайылган 1 миллион дозанын ичинен вакцинага аллергия болгон 0,65-1,53 гана учур катталганы айтылды.

"Азыркы тапта бар вакциналардын курамында жумуртка белогу, сүт, желатин жана бактерияга каршы препараттар жок. Бул аллергияга алып келчү тобокелдиктер жокко эсе дегенди түшүндүрөт", — дешти адистер.