Атаандашын ай-буйга келтирген жок! Тыныбекова Олимпиаданын финалына чыкты

Тыныбекова мындан бир нече саат мурда чейрек финалда румыниялык, ал эми баштапкы этапта латвиялык спортчуларды уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова эми Олимпиада-2020 мелдешинин алтын байгеси үчүн күрөшөт. Ал жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону утуп алды.

Беттеште 10:0 техникалык таза артыкчылык менен жеңишке жетти. Анын жүрүшүн КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Акжолдун агасы: балабыз чоң атасынан бата алып, алтын утууга сөз берип кеткен
Эми Тыныбекова экинчи жарым финалда жеңген япониялык Юкако Кавайи менен Токио Олимпиадасынын алтын байгеси үчүн таймашат.

Ал мындан бир нече саат мурда чейрек финалда румыниялык Кристина Инченин далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Ал эми баштапкы этапта латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып 8:0 эсебинде утуп алган.

Азыркы тапта Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.