БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги алгачкы беттешин ишенимдүү жеңди. Анда ал латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып, 8:0 эсебинде утту.
Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып берди.
62 килограмм салмак даражасында күрөшкөн Айсулуу эми чейрек финалда румыниялык Кристина Тунде менен таймашат.