Олимпиада: Атабек Азисбеков алгачкы атаандашына утулуп калды

Атабек Азисбеков 26 жашта, килемде 87 килограмм салмакта күч сынашып келет. Олимпиадага жолдомону 2019-жылы Казакстанда өткөн мелдеште алган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Олимпада оюндарынын баштапкы этабындагы беттешинде жеңилди.

Айсулуу Тыныбекова Токиодо алгачкы беттешин 8:0 менен ишенимдүү утту. Видео
87 килограмм салмакта күч сынашкан балбан венгриялык Виктор Лёринцке 6:1 эсебинде утулуп калды.

Азисбеков эми венгриялык спортчунун финалга чыгышын күтөт. Эгер Лёринц финалга чыкса, кыргыз балбаны коло байге үчүн таймашууга укук алат. 

Атабек Азисбеков Олимпиадага жолдомону 2019-жылы Казакстанда өткөн мелдеште алган.

Эске салсак, Виктор Лёринцкенин иниси 77 кг салмактагы Тамаш Лёринцке Олимпиаданын алтын байгеси үчүн бүгүн кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен күрөшөт.