Балбандарга күйөрмандык кылуу үчүн "Ала-Тоо" аянтына келген аткаминерлер. Сүрөт

Бишкектиктер үчүн шаардык бийлик менен Спорт агенттиги аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экран коюшкан. Ал жерге күйөрмандар топтолуп спортчуларды сүрөштү.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык спортчуларды колдоо үчүн "Ала-Тоо" аянтына министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен президенттин жана мэриянын администрациясынын аткаминерлери келди.

Sputnik агенттигинин кабарчысынын айтымында, фан-зонанын алдында өкмөт башчы Улукбек Марипов, анын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев, дагы бир орун басары Жылдыз Бакашова, президенттин администрация жетекчисинин орун басары Улукбек Кармышаков, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов жана башкалар келди.

Бишкектиктер үчүн шаардык бийлик менен Спорт агенттиги аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экран коюшкан. Чогулгандардын арасынан УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди да көрүүгө болот.