Акжолду кичи мекени кантип колдоду? Аравандан тартылган видео

Чоң экрандын алдында жүздөн ашуун адам Акжолду сүрөп турушту. Кээ бири Кыргызстандын желегин көтөрө келген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовду кичи мекени Араван районундагы жердештери чогулуп колдоп турушту.

Район акимчилиги мелдешти шаардагы кинотеатрда чоң экрандан көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берген.

Ал жерге жүздөн ашуун адам келип, Акжолду биргеликте сүрөп турушту. Кээ бири Кыргызстандын желегин көтөрүп келген.

Акжолдун агасы: балабыз чоң атасынан бата алып, алтын утууга сөз берип кеткен
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Олимпиаданын финалында 35 жаштагы венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринц менен кез келип, 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Акжолго бир упай гана жетпей калды.

Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.