Бали! Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынан күмүш медаль утту. Сүрөт

Кыргыздын балбаны жаш экенине карабай татыктуу атаандаштык көрсөттү. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи олимпиадалык күмүш медаль болду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 22 жаштагы балбаны Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш медалына татыды. Финалык беттеште ал упай айырмасында венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке жеңишти алдырып койду.

Эсеп 2:1 менен венгер балбанынын пайдасына жыйынтыкталды.

Айсулууну сүрөп, утканда бийлеген кыргыз делегациясы. Токиодон видео
Кыргыздын балбаны жаш экенине карабай татыктуу атаандаштык көрсөттү. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы олимпиадалык экинчи күмүш медаль болду.

22 жаштагы Акжол Махмудовдун бул (Олимпиада-2020) биринчи олимпиадасы, анда ийгиликтүү чыгып, экинчи орунду - күмүш медалды камсыз кылды.

Лёринц Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун рейтингинде 77 килограмм салмак даражасында экинчи сапта турат. Акжол бул рейтингде алдыңкы ондукка кире элек.