Үзүр Жүзүпбеков Олимпиаданын коло байгеси үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алды

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта Артур Алексанянга 4:1 эсебинде утулуп калган болчу. Армениялык балбан финалга чыгып, Жүзүпбеков коло байге үчүн таймашуу укугуна ээ болду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн таймашат. Аны 8/1 этапта утуп алган армениялык Артур Алексанян финалга чыгып, кыргызстандык балбанга көңүл жубатуучу кармашка чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Алексанян жарым финалда ирандык Мухамедхажы Саравини 4:1 эсебинде утуп алды.

Атаандашын ай-буйга келтирбей жыккан Акжол. Жарым финалдагы жүрөк толкуткан видео
97 килограмм салмакта ат салышып жаткан Үзүр Жусупбеков эми финляндиялык Арви Мартин Саволайнен менен көңүл жубатуучу кармашка чыгат. Аны утса ирандык Мухамедхажы Сарави менен коло байге талашат.

Кыргызстандык балбан баштапкы этапта Алексанянга 4:1 эсебинде утулуп калган болчу.

Көңүл жубатуучу кармаштар эртең, 3-августта, саат 08:00дө, ал эми коло байге үчүн таймаштар саат 17:00дө болот.