УКМК Лейлекте Тажикстанга күйүүчү май өткөргөн түтүктү таап, жок кылды. Сүрөт

Жерге көмүлгөн, Кыргызстандан тажик тарапты көздөй кеткен түтүктү Лейлектин Интернационал айылынан табышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Лейлек районунун чек арачылары Тажикстан тарапка күйүүчү майды сордуруп алып кетүү үчүн коюлган түтүктү таап, жок кылды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында чек арачылар Лейлектин Интернационал айылында жерге көмүлүп тажик тарапка кеткен шлангды табышкан.

Ал жерди текшергенде күйүүчү майдын жана жүк ташуучу автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери аныкталган. Тийиштүү иш-чаралардан кийин күйүүчү майды сордурууга коюлган түтүк жок кылынган.