БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга аталган мамлекеттин бир нече провинциясында адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттөн каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман көз жумгандардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам. Ошондой эле жабыркагандардын баарынын тез сакайып кетишин тилейм", — деп жазылган президенттин телеграммасында.
Эске салсак, Түркиянын Анталья провинциясында токой өрттөнүп, эл жашаган райондорго жана шаардык кварталдарга өткөн. Акыркы маалыматтар боюнча, өрттөн каза болгондордун саны сегизге жетип, 800дөн ашык адам жабыркаган.