Токтогулда милиционерлер медиктер менен чогуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Көчмө кабылдама райондон алыс жайгашкан айылдардагы соода түйүндөрүнө, коомдук тамактануучу жайларга жана Чычкан капчыгайындагы эс алуучуларга барган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул райондук милициясы медицина кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Ага ылайык, көчмө кабылдама райондон алыс жайгашкан айылдардагы соода түйүндөрүнө, коомдук тамактануучу жайларга, Чычкан капчыгайындагы эс алуучуларга, ошондой эле тоо койнунда кожогат терип, Ош — Бишкек жолун бойлой саткан жарандарга барган.

"Аларга эреже жана укук бузууларды, кылмыштуулукту, коронавирус илдетин алдын алуу, жол кырсыктарын болтурбоо, сууга чөгүү жана жаратылышта эс алууда өз коопсуздуктарын сактоо боюнча түшүндүрмө беришип, ар кандай маанидеги кайрылууларды кабыл алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Жеринде дарыгерлер медициналык жардам көрсөтсө, милиция юридикалык кеңештерди берген.