Эртең чыгат! Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы белгилүү болду

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат. Бүгүн таймаштардын чүчү кулагы тартылып, Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөрү аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарындагы алгачкы атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.

Ага ылайык, 3-августтагы беттештердин чүчү кулагы тартылып, Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшмөй болду. Спортчулар 1/8 финалдан баштайт. Килемдеги салмактары 62 килограмм.

Токиодо шоу уюштурууда! Бириккен күрөш дүйнөсү Акжолду алкады. Видео, сүрөт
31 жаштагы Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси.

Ошондой эле грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун да биринчи каршылашы аныкталып, венгриялык Виктор Лёринц менен кез келет. Алар дагы 1/8 финалдан баштайт, салмактары 87 килограмм.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат. КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтөт.