Бир суткада 897 киши COVID жуктурду, 3 700дөн ашык адам ооруканаларда жатат

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 164 743кө жетти. Анын ичинен 147 377 адам дартты жеңген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Өткөн суткада 897 кишиден коронавирус табылып, 1 316 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 619;
  • Ош шаары – 9;
  • Чүй облусу – 66;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 14;
  • Ысык-Көл облусу – 54;
  • Жалал-Абад облусу – 66;
  • Баткен облусу – 55.

Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 164 743кө жетти. Анын ичинен 147 377 адам дартты жеңди.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирус тогуз адамдын өмүрүн алган.

  • Каза болгондор:
    Бишкек — 5;
    Чүй — 3;
    Ош облусу — 1.
    Муну менен жалпысынан илдеттен 2 344 киши көз жумду.

Учурда стационарда – 3 779, ал эми амбулатордук шартта 9 913 адам дарыланып жатат.