Окуу жылына даярдык. Мугалим, тарбиячылардын дээрлик көбү вакцина алды

Учурда Билим берүү министрлиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вирустук жугуштуу ооруларды эске алуу менен жаңы окуу жылына даярдык көрүп жатканы белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бүгүнкү күндө республика боюнча бала бакча тарбиячыларынын 80 пайызы, мектеп мугалимдеринин 70-80 пайызы коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Билим берүү министрлиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вирустук жугуштуу ооруларды эске алуу менен жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө.

"Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиячылардын 80 пайызы, мектеп мугалимдеринин 70-80 пайызы, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү жайларынын окутуучуларынын 60 пайызы жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин 54,5 пайызы коронавируска каршы вакцина алышты. Айрым билим берүү мекемелеринде 100 пайыз эмдөө жүргүзүлгөнүн белгилейм", — деди Абдылдаева.

Белгилей кетсек, өткөн суткада өлкөдө 7 054 адам коронавируска каршы эмдөө алган. Анын 7 006сы вакцинанын биринчи дозасын алса, 48 адам экинчи доза менен эмделген.