Чүйдөгү тоодо жайгашкан Акпай көлү жырылып, жайлоодогулар көчүрүлдү. Видео

Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен сел жүрүп Сокулук — Төш-Булак — Шаркыратма жолу жабылган. Сегиз малчы көчүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы бийик тооодо жайгашкан Акпай көлү жырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мунун кесепетинен сел жүрүп Сокулук — Төш-Булак — Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метр жолду жаап калган. ӨКМ кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүп, жайлоодогу сегиз малчыны үй-бүлөсү менен көчүргөн.

Сокулук дарыясынын нугунда болжол менен секундасына 20 куб метр суу агууда. Аны көзөмөлдөө уланууда жана жарандык коргоо күчтөрү даярдыкта турат.

Куткаруучулар атайын унаасы менен калкка кабарлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Суунун боюндагы жашоочулар үйлөрүнөн алыстап коопсуз жайларга чыгышууда.

Учурда куткаруучулар бийик тоодо жайгашкан көлмөнүн абалын көзөмөлдөө үчүн Акпай бийик тоолуу көлүнө чыгып кетишти.