Өлкөдө буудай бир жыл ичинде дээрлик 40 пайызга кымбаттады

2020-жылдын акыркы айларынан бери Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады. Анын ичинде буудай дагы баасын көтөрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Республикада буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

"Июль айынын аягына карата буудайдын баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен 29,15 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн далилдейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буудайдын чекене баасы орточо көрсөткүчтөн Бишкек (бир килограммы 31,46 сом), Токтогул (30,96 сом), Исфана (30,73 сом) жана Өзгөн (30 сом) шаарларында жогору болуп жатат. Ал эми арзан буудай Чаек айылында (бир килограммы 18 сом), Каракол (20,87 сом) жана Кара-Суу (23,59 сом) шаарларында сатылууда.

Бир ай ичиндеги бааны айта турган болсок, июлда буудай мурунку айга салыштырмалуу 3,4 сомго (13,1 пайыз) кымбаттаган.