Радио

Жумабек уулу: Бишкекте сугат үчүн төрт скважина курулат

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын суу чарба бөлүмүнүн башчысы Радик Жумабек уулу борбор калаада ирригациялык системаны жакшыртуу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik

Бишкек шаарында суу тартыштыгынан улам тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну өнүктүрүү колго алынууда. Ал үчүн борбор калаадагы төрт скважинаны куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Радик Жумабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумабек уулу: Бишкекте сугат үчүн төрт скважина курулат

Анын айтымында, муниципалитет ошол эле учурда арык менен сугаруу системасынан баш тартпайт.

"Ушул жылы табигый процесстерден улам сугат суу тартыштыгы жаралды. Мындан улам альтернативдүү ыкмаларды караштыруу аракети көрүлүүдө. Тактап айта турган болсок, тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну өнүктүрүү мерчемделүүдө. Ал үчүн борбор калаада төрт скважина курулуп, алар аркылуу жер астынан суу алынат. Бул ыкмалар мурдатан эле колдонулуп келген. "Ынтымак" сейил багында, Ахунбаев – Алматы көчөлөрүндөгү скверде жана темир жол автобекетинде тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулат. Бул ыкмаларды колдонууда суу үнөмдөлөт. Себеби күн ысыганда суунун буулануусу азайып, жоготуулар дээрлик болбойт. Мындан тышкары, тамчылатып сугарууда ар бир өсүмдүктүн тамырына суу жеткирилип, жакшы натыйжа берет", — деди Жумабек уулу.

Ошондой эле ал учурда борбор калаада жыл сайын 10 чакырым ирригациялык системаны оңдоо пландалганын кошумчалады.