3-августта Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. График

Бишкек шаары. Архив
Шейшемби күнү баш калаанын бир катар жеринде электр энергиясы өчүрүлөт. Бул күнү "Түндүк электр" ишканасынын бригадасы жабдууларды оңдойт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Шейшемби, 3-август күнү, Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Атайын бригада жабдууларды оңдоп, чубалгыларга тоскоолдук кылган бактардын шактарын кесет.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Токтогул көчөсүндөгү № 213 үй;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Профессор Зима, Архитектурный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Арча-Бешик (Садырбаев, Баба-Ата, Көйкап, Узун-Булак, Шербет, Чортеков, Кара-Кужур, Эр-Тайлак, Шералиев, Сары-Булуң, Сулуу-Төр көчөлөрү) конушунда;
  • 9:30дан 10:30га чейин — Махатма Ганди, Баялинов жана Ленинградский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Ахунбаев көчөсүндөгү № 96 үйдө, Мичурин, Сүйүнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Дунайский туюк көчөсүндө;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Орозбеков, Щербаков, Тоголок Молдо, Васильев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Алтай жана Миң-Булак туюк көчөлөрүндө;
  • 11:00дөн 13:00гө чейин — Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Босого конушунда.