Бишкекте Кайгуул милициясына тутулган айдоочулар 1,5 млн. сомдук айыпка жыгылды

Аталган рейд тынбай жол кырсыгына кириптер болуп жаткан мас айдоочуларды аныктоо максатында жүргүзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында мас айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, үч күндө 1 миллион 575 миң сомдук айып салынды. Бул туурасында борбор калаанын Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

"Бахус" аталышындагы рейд 30-июлдан 1-августка чейин өтүп, көчөлөргө посттор коюлган. Иш-чаранын максаты — тынбай жол кырсыгына кириптер болуп жаткан мас айдоочуларды аныктоо.

Ысык-Көлгө бараткан жолдо наркологдордун катышуусунда рейддер жүргүзүлөт
Натыйжада үч күндүн аралыгында ичимдик ичип руль башкарып бара жаткан 90 айдоочу аныкталып, айыпка жыгылган.

Ошондой эле терезесин мыйзамсыз түрдө караңгылатып алган жети, документи жок айдап жүргөн 143 айдоочу токтотулган. Мындан башка дагы 2 399 эреже бузуу катталган.

Аны менен катар  289 машина айып короосуна киргизилген.